Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: 13 токой чарбасы техникалар менен толук жаңыланды

Кыска кабар | 31 Окт 2019 | 524 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 13 пилоттук токой чарбасына 27 даана атайын техника жана 102 даана атайын жабдууну тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы токой чарба тармагын реформалоого жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга ар тараптан колдоо көрсөткөн Кыргызстандагы Дүйнөлүк банктын кеңсесине ыраазычылык билдирди.

«Токой чарбаларын заманбап техника жана жабдуулар менен камсыздандыруу — бул токойлорду коргоо жана сактоо боюнча иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуусуна багытталган стратегиялык артыкчылыктардын бири. 13 токой чарбасы жогоруда айтылган сандагы техникалар жана жабдууларга ээ болуу менен, дээрлик толук жаңыланды», — деди Абылгазиев.

Токой чарбаларга өрт өчүрүү жабдууларынын толук топтому менен токой чарба техникаларынын 13 чакан комплекси, дөңгөлөктүү  4 трактор жана асма жабдуулар топтому, дөңгөлөктүү 10 кичи-трактор жабдуулары менен берилди.

Токой чарбасынын материалдык-техникалык базасын бекемдөө үчүн заманбап техника жана жабдуулар Бүткүл дүйнөлүк банк жана Глобалдык экологиялык фонд тарабынан каржыланган «Кыргыз Республикасынын токой чарба экотутумун интеграциялык башкаруу» долбоорунун каражаттарынын эсебинен алынган.

Белгилей кетсек, долбоордун алкагында сатып алынган техникалардын жалпы баасы 69 млн. 969 миң 100 сомду түздү.

Copyright © 2017 Maral FM