Биз менен байланышыңыз

Премьер-министр Жаштар саясатынын концепциясы боюнча кеңешме курду

Кыска кабар | 31 Окт 2019 | 555 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2020-2030-жылдарга карата Жаштар саясатынын концепциясын жүзөгө ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчы жаштар мамлекетти өнүктүрүүнүн стратегиялык ресурсу, алар зор социалдык-экономикалык, маданий жана илимий дараметке ээ экенин белгиледи. Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Мухаммедкалый Абылгазиев жаштарды коомдук-саясий ишмердүүлүк менен камтуунун деңгээли анча жогору эмес экенин белгиледи.

Жаштар саясий ишмердүүлүктө өздөрүнүн орду жок жана алардын укутары менен эркиндиги толук кандуу камсыздалган эмес деп эсептешет”, — дейт Өкмөт башчысы.

Премьер-министр ошондой эле жаштарды билим берүү менен камтуунун жалпы көрсөткүчтөрү сыяктуу маселелер актуалдуу бойдон калып жатканын, тагыраагы 37,8% жакын жаштар мектептерде, кесиптик лицейлерде, колледждерде билим алышпаганын белгиледи. Ал ошондой эле, китеп окубаган жаштар арбын экенин да айтып өттү.

Дагы бир жолу мамлекеттик жаштар саясаты барынан биринчи адамдын дараметин өнүктүрүү, мамлекеттин жана коомдун өнүгүүсүндөгү негизги ресурс катары жаштарды калыптандыруу үчүн аларга мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө багытталышы шарт”, — деди Абылгазиев.

Бул жааттагы көйгөйлөрдү тизмектеген премьер-министр аталган Концепцияны жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын деталдуу Планын иштеп чыгууну тапшырды. Ал бардык мамлекеттик органдардын, жаштар лидерлеринин жана эл аралык өнөктөштөрдүн активдүү катышуусунда даярдалышы кажет экендигин Мухаммедкалый Абылгазиев белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM