Биз менен байланышыңыз

Президент кайрадан Сот жана укук коргоону өркүндөтүү боюнча кеңеш түздү (тизме)

Кыска кабар | 1 Апр 2021 | 1219 | 0

Президентке караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеш түзүлдү. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Бул багытта иштерди жүргүзүү үчүн төмөнкүдөй тапшырмалар берилди:

— Президенттин аппарат жетекчиси Жазык кодексинин, Жоруктар жөнүндө кодекстин, Бузуулар жөнүндө кодекстин, Жазык-процесстик кодекстин, Жазык-аткаруу кодекстин, Жарандык процесстик кодекстин, Административдик-процесстик кодекстин, «Пробация жөнүндө», «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө», «Медиация жөнүндө», «Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» Кыргызстандын мыйзамдарынын колдонулушуна талдоо жүргүзүп, Кеңеш үчүн тиешелүү сунуштарды иштеп чыгуу боюнча эксперттик жумушчу топту бир жумалык мөөнөттө түзсүн;

— Кеңештин ишинин багыттары боюнча башка эксперттик жумушчу топторду бир айлык мөөнөттө түзсүн;

— Кеңеш сот жана укук коргоо ишине, анын ичинде аткаруу өндүрүшүнө жана жазык-аткаруу системасына тиешелүү ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча стратегиялардын долбоорлорун даярдасын жана кароого киргизсин.

Кеңеш аталган иш-максаттардын негизги багыттары боюнча сунуштарды даярдоо, ушул багыттар боюнча бардык мамлекеттик органдардын макулдашылган иш-аракеттерин, анын ичинде ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууну камсыз кылуу максатында түзүлгөн кеңеш берүүчү жана консультативдик орган болот.

Кеңештин алдында тиешелүү сунуштарды даярдоо боюнча эксперттик жумушчу топ түзүлөт.

Жарлык менен Президенттин айрым актылары күчүн жоготту деп табылып, ага жараша Мамлекет башчысына караштуу Соттук реформа боюнча мурда түзүлгөн Кеңеш жоюлат.

Бул жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Президентке караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин курамы:

Садыр Жапаров Президент, Кеңештин төрагасы;
Кеңештин мүчөлөрү:
Курманкул Зулушев Башкы прокурор;
Нургүл Бакирова Жогорку Соттун төрайымынын милдетин аткаруучу (макулдашуу боюнча);
Чынара Садырова  Судьялар кеңешинин төрайымы (макулдашуу боюнча);
Улукбек Кармышаков Вице-премьер-министр – Экономика жана финансы министри;
Канатбек Керезбеков Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча)
Наталья Никитенко Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрайымы (макулдашуу боюнча);
Эмил Токтошев Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Улан Ниязбеков Ички иштер министри;
Асел Чынбаева Юстиция министри;
Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы;
Медербек Сатыев Президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары;
Замирбек Базарбеков Президенттин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы, Кеңештин катчысы;
Билим Райымкулов Адвокатура кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Автандил Арабаев Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жарандык укук жана адвокатура кафедрасынын профессору, юридика илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча);

 

Чолпон Жакупова «Адилет» укуктук клиникасынын директору (макулдашуу боюнча).

 

Copyright © 2017 Maral FM