Connect with us

Шакирова: Дарылардын сапатын текшерүүчү 2 эле лаборатория бар

Кыска кабар , Пикирлер | 31 Окт 2019 | 696 | 0

Өлкөдө дары-дармектердин сапатын текшерүүчү 2 эле лаборатория бар. Алар Бишкек жанга Ош шаарларында жайгашкан. Ал эми республика боюнча 3 лаборатория гана аккредитациядан өткөн. Бул тууралуу Дары-дармек менен камсыз кылуу жана медициналык техника департаментинин башкы директору Гүлмира Шакирова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, дарыканаларга лицензия берүүгө убактылуу мараторий киргизүү зарыл.

«Биздин департаментте атайын линия ачылган. Жарандар 0800 800 26 26 номуруна байланышып, дарылар боюнча маалымат ала алышат. Андан сырткары онлайн түрдө www.pharm.kg дареги аркылуу ден соолукка терс таасир эткен  дарыларды жазып калтырса, адистер лабораториялык текшерүүдөн өткөрүп, жооп берет. Бул кызмат акысыз», — дейт Шакирова.

Ал кошумчалагандай, 2020-жылы дары-дармектердин электрондук маалымат баазасы толугу менен ишке кирсе, чек арадан кирген дарынын ар бир таңгагын атайын код аркылуу бейтапка жеткенге чейин көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Тийиштүү система аткезчиликке каршы иштейт.

Copyright © 2017 Maral FM