Биз менен байланышыңыз

Орусияда коронавирустун дарысы сатыкка чыгат

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Сен 2020 | 589 | 0

«Коронавир» препараты Орусиядагы дарыканаларда сатылып жаткан коронавирусту дарылоочу биринчи дары болот. Бул тууралуу «Р-Фарм» компаниясынын өкүлүнө шилтеме берүү менен РБК билдирди.

Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, министрлик амбулатордук шартта эки дарыны колдонууга уруксат берди.

ТАССтын маалыматына ылайык, дагы бир дары — «Арепливир» дарыканаларда кийинки жумада сатыла баштайт. Бул дарыны «Промомед» компаниясы  чыгарган.

«Арепливирдин» эл аралык патенттелбеген аты -» Фавипиравир», ал Японияда сасык тумоону дарылоо үчүн иштелип чыккан жана 2014-жылы колдонууга бекитилген.

Copyright © 2017 Maral FM