«Коронавир» препараты Орусиядагы дарыканаларда сатылып жаткан коронавирусту дарылоочу биринчи дары болот. Бул тууралуу «Р-Фарм» компаниясынын өкүлүнө шилтеме берүү менен РБК билдирди.
Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, министрлик амбулатордук шартта эки дарыны колдонууга уруксат берди.
ТАССтын маалыматына ылайык, дагы бир дары — «Арепливир» дарыканаларда кийинки жумада сатыла баштайт. Бул дарыны «Промомед» компаниясы чыгарган.
«Арепливирдин» эл аралык патенттелбеген аты -» Фавипиравир», ал Японияда сасык тумоону дарылоо үчүн иштелип чыккан жана 2014-жылы колдонууга бекитилген.