Биз менен байланышыңыз

Кара-Балтада геологиялык үлгүлөрдү даярдаган лаборатория ачылды

Кыска кабар | 12 Дек 2021 | 277 | 0

Кара-Балтада геологиялык үлгүлөрдү даярдаган лаборатория ачылды. Бул тууралуу өкмөттөн билдирди.

Лаборатория геохимиялык анализдер жаатында жогорку сапаттагы тейлөө көрсөтүүгө мүмкүндүк берет жана жаңы жумушчу орундарды түзөт.
Лаборатория «Стюарт Эссей энд Инвайронментал Лэборэторис» ЖЧКсынын элементтердин платиналык тобу үчүн ачылган.

Маалыматка караганда, ишкана геохимиялык кызмат көрсөтүү рыногундагы көз карандысыз аналитикалык лаборатория болуп саналат. Анын негизги иш багыттары — техникалык жана металлургиялык сыноолорду, геохимиялык анализдерди жүргүзүү.

Иш-чарага катышкан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында, лабораториянын иши геохимиялык анализдер жаатында жогорку сапаттагы тейлөө көрсөтүүгө мүмкүндүк берет жана жаңы жумушчу орундарды түзүү менен өлкөдөгү өнөр жай борборунун бири – Кара-Балта шаарынын экономикалык өнүгүүсүнө салымын кошот.

Ошондой эле Салтанаттуу иш-чарага Финляндиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сойли Мякеляйнен-Буханист катышты. Жапаров республика экономикасы өнүккөн жана алдыңкы билим берүү тутумуна ээ Финляндия менен достук жана кызматташтык мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи.

 

Copyright © 2017 Maral FM