Биз менен байланышыңыз

Мамбетов: Каалоочулар жеке лабораториялардан коронавируска текшериле алышат

Кыска кабар | 1 Апр 2020 | 734 | 0

Жакын арада баардык каалоочулар жеке лабораториялардан коронавируска текшерилүүгө мүмкүндүк алат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, чет өлкөгө чыкпаган же коронавирус жуктурган адамдар менен аралашпаган адамдар да коронавируска текшерилүү боюнча маселени коюп келе жатат. Мындан улам бул багытта иштер жүрүп, жакынкы күндөрү жарандар менчик лабораториялардан акы төлөп коронавируска текшериле алышат.

Эки-үч күн ичинде юридикалык механизмдерди тактап алсак, жарандар жеке медициналык лабораторияга кайрылып, өз эсебинен текшерүүдөн өтө алышат, -деди Мамбетов.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган 4 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 111ге жетти. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда үч адам коронавирустан айыгып чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM