Биз менен байланышыңыз

Кара-Балта шаарына жаңы вице-мэр дайындалды

Кыска кабар | 2 Дек 2021 | 327 | 0

Жайыл Мусаев Кара-Балта шаарынын вице-мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жайыл Мусаев 35 жашта, Панфилов районунун тургуну. Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин аяктаган.

Буга чейин ээлеген кызматтары:

2013-2016-жылдары — курулуш материалдарын өндүрүү боюнча жеке ишкер;
2015-2019-жылдары – Кара-Балта шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмдө экономист;
2011-2017-жылдары Панфилов районунун аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү.

Белгилей кетсек, буга чейин бул кызматты Темирлан Айткулуев жетектеп келген.

Copyright © 2017 Maral FM