Биз менен байланышыңыз

Вице-мэр Мирлан Амантуров кызматынан кетти. Ал шайлоого катышат

Кыска кабар | 22 Авг 2020 | 888 | 0

Бишкек шаарынын вице-мэри Мирлан Амантуров ээлеген кызматынан бошотулду. Ал турак жай-коммуналдык чарба тармагына жоопкер болчу.

Мэриянын маалыматы боюнча, Мирлан Амантуров өз каалоосу менен кызматынан кетүү тууралуу арыз жазган.

Амантуровдун айтымында, ал шайлоого “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен катышууну пландап жатат. Ал Тоң районунун шайлоочулары менен иштешет.

Эскерте кетсек, 30-июлда, ал вице-мэр болуп турганда, “Мекеним Кыргызстан” партиясынын шайлоо фондуна 35 000 сом берген.

Мирлан Амантуров 2007-жылдан бери “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын башчысы, ал эми 2019-жылы Бишкек шаарынын Турак-жай коммуналдык чарба боюнча вице-мэри болуп дайындалган.

Эскерте кетсек, 28-июлда вице-мэр Татьяна Кузнецова отставкага кеткен. Ал дагы “Мекеним Кыргызстан” партиясынын талапкерлеринин тизмесине кирет.

Copyright © 2017 Maral FM