Биз менен байланышыңыз

«Жыл башынан бери 23,5 млн сомдук дары артка кайтарылды»

Кыска кабар , Пикирлер | 31 Окт 2019 | 554 | 0

Жыл башынан бери 56 дары-дармек сапаттык талаптарга жооп бербей, 23 млн 500 миң сомдук дары каражаты артка кайтарылды. Бул тууралуу Дары-дармек менен камсыз кылуу жана медициналык техника департаментинин сапат бөлүмүнүн башчысы Чынара Мамбеталиева «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, дарылар каттоодон өтүп, өлкөгө ташылып келген соң сапатты текшерилет. Анын алкагында корутунду берилет. Жарандар дары сатып аларда корутунду талап кылууга укуктуу.

«Дарылардын сапатын Дары-дармек департаменти көзөмөлдөйт. Ош базарынын айланасында сатылган дары менен расмий түрдө кирген дармектердин сапатында чоң айырмачылык бар. Ош базарында сатылган дарылар кандай шартта алынып келип, сакталып жатканына эч кандай кепилдик берилбейт», — дейт Мамбеталиева.

Copyright © 2017 Maral FM