Биз менен байланышыңыз

Америкалык компания коронавируска каршы дарынын баасын жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Июн 2020 | 555 | 0

Американын Gilead компаниясы өнүккөн өлкөлөрдө анти-COVID-19 препараты катары сыналып жаткан дарынын бир ампуласынын баасын 390 доллар деп белгилеген. Бул тууралуу компаниянын сайтында жарыяланды.

Вируска каршы препарат АКШда иштелип чыгып, 1-майда бекитилген. Ал Эболага каршы күрөштүн алкагында иштелип чыккан, бирок ошол учурда анын натыйжалуулугу далилденген эмес. Кийинчерээк препарат SARS жана MERS’ге каршы натыйжалуу колдонулган.

Препарат Gilead Sciences компаниясы тарабынан чыгарылган.

Компаниянын билдирүүсүндө, Улуттук аллергология жана жугуштуу оорулар институтунун изилдөөсү көрсөткөндөй, дары бейтаптын калыбына келтирүү мезгилин төрт күнгө кыскартат.

COVID-19 менен ооругандар алты ампуланын жардамы менен 5 күндүк дарылоодон өтүшү керек экендиги белгиленди. Анын баасы 2340 долларды түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM