Биз менен байланышыңыз

Жунушев: быйыл Бишкекти былтыркыдай кара түтүн каптабайт

Кыска кабар | 30 Окт 2019 | 781 | 0

Быйыл Бишкекте былтыркыдай кара түтүн болбойт. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын директору Жолдошбек Жунушев Жогорку Кеңештин жыйынында ЖК депутаты Марлен Маматалиевдин “Бишкек шаарын кышында каптоочу түтүндөн коргоо боюнча кандай иш-чаралар жүргүзүлүп жатат?” — деген суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Бишкек шаардык жол коопсуздугун көзөмөлдөө органдары менен биргеликте унаалардын түтүн чыгаруусун текшерүү жүрүп жатат. Ал эми жылуулук электр борборунан чыккан түтүндүн табиятка 15%дык зыяны бар. Эң көп залака унаалардан чыккан түтүндөн болуп жатат”, — деди Экотехинспекциянын башчысы.

Ошондой эле, ал кара түтүндүн алдын алуу максатында Бишкек шаардык мэриясы газ менен жүргөн автобустарды алып келип жатканын, мурда алар дизелдик күйүүчү май менен жүргөндүктөн көмүр кычкыл газы көп бөлүнүп чыкчу деп билдирди. Андан сырткары, ЖЭБди текшерүү алкагында мекемеге 330 эскертүү берилгендигин, анын 288и жоюлуп, нак каражатка байланышкан 42 маселелер гана калганын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM