Биз менен байланышыңыз

Улуттукстатком: 137 айыл өкмөтү Интернетке туташкан эмес

Кыска кабар | 29 Окт 2019 | 451 | 0

453 айыл өкмөтүнүн ичинен 137 айыл өкмөтү Интернетке туташкан эмес. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелери боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына таянып билдирди.

Учурда өлдкөдө 484 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, алардын ичинен  республикалык маанидеги 2 шаар, облустук маанидеги 12 шаар, райондук маанидеги 17 шаар жана 453 айыл аймактары бар. Айыл аймактарынын көпчүлүк саны 23%ы Чүй облусунда, ал эми эң азы 7%ы– Баткен облусунда жайгашкан. Айыл аймакатырынын жалпы санынын 79 же 17 %ы өзүн-өзү камсыздоочу, ал эми калган  бөлүгү дотациялык болуп саналат.

Ушул жылдын 1-январына карата абалы боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштегендердин жалпы санынын ичинен муниципалдык кызматчылардын саны 8,4 миң адамды же 85%га жакынын түздү, алардын ичинен 2,9 миңи аялдар.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзамдуу ишмердигин 484 жергиликтүү кеңеши жүргүзөт, алардын ичинен 8 692 мандаттары бар.

 

Copyright © 2017 Maral FM