Connect with us

Кыргызстанда интернеттин жай иштешине эмне таасир этүүдө?

Коом , Кыска кабар | 12 Сен 2020 | 1352 | 0

Кыргызстанда калктуу конуштардын дээрлик 88% 3G ылдамдыгындагы интернет менен камсыздалган. 1500дөн ашык конушта 4G жеткиликтүү. Бул конуштардын 75,6 пайызын камтыйт. Ал эми электр өткөргүч линияларынын жоктугуна байланыштуу интернет жеткиликтүү эмес айылдар да бар. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети бул маселелерди чечүү үчүн учурда кандай иштерди аткарып жатат? Мындан сырткары колдонуучулар интернеттин ылдамдыгы начар болуп жатканын жазышууда. Ага эмне себеп болууда? Кыргызстандагы интернет башка өлкөлөргө салыштырмалуу кандай сапатта иштейт?


Айрым интернет колдонуучулар социалдык тармактар аркылуу ылдамдык начар болуп жатканын жазышууда. Биз анын себебине кызыгып көрдүк. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маалымат катчысы Назира Турдалиева билдиргендей, интернет зымсыз болгондуктан анын ылдамдыгына бир нече факторлор таасир этет. Алсак, ылдамдык жүктөөлөрдүн көлөмүнөн көз каранды. Тактап айтканда, колдонуучулар көп болсо, интернет үзгүлтүккө учурап, же жай иштеши ыктымал.

— Кыргызстан татаал рельефке ээ экенин эске алуу керек. Тоолуу аймактарда сигнал өтпөй жаткан болушу мүмкүн. Ошондой эле алыста жайгашкан, кыйынчылык менен жетүчү жерлерди жана электр өткөргүч линияларынын жоктугун эске алуу керек.

Маалыматка ылайык, өлкөдө 31 мектептин интернет тармагына булалуу-оптикалык байланыш линиялары аркылуу жетүүгө техникалык мүмкүнчүлүктөрү жок. Анын ичинен 11 мектепти БОБЛду салуу аркылуу интернет менен камсыздоо иштери жүрүп жатканын Назира Турдалиева белгиледи.

— Электр өткөргүч линияларынын жоктугуна байланыштуу интернет жетпеген аймактар да бар. Учурда ал маселени чечүү үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Кыргызстанда калктуу конуштарды телефондоштуруу иши жүрүүдө.

Ал эми «Мегаком» байланыш операторунун байланышты өнүктүрүү жана оптимизациялоо департаментинин башчысы Нурлан Курманбаевдин айтымында, учурда окуучулар дистанттык түрдө билим алып, онлайн видео-сабактар, Zoom сыяктуу тиркемелер көп колдонулгандыктан, интернеттин ылдамдыгына таасир этүүдө. Мындан сырткары, уюлдук станцияларда  электр жарыгынын өчүрүлүшү, талаа иштери да интернеттин ылдамдыгын начарлатат.

«Альфателекомдун» интернети жакшы иштеп жатат. Уюлдук байланыш станциясын Бишкек менен байланыштыруу үчүн  булалуу-оптикалык байланыш линиялары курулат. Бирок талаа иштери жүрүп жатканда линиялар айрылып калышы мүмкүн. Ошондуктан айрым аймактар интернетсиз калып калышы ыктымал. Интернеттин сапатын жакшыртуу үчүн мектептерде 2-3 оператордун интернети жеткиликтүү болушу кажет. Анткени бирөөнүн интернети өчүп калса, экинчисине которулууга шарт түзүлөт. Мындан сырткары, окуучулар Youtube хостингинен онлайн видео-сабактарды көрүп жатат. Ошол кезде интернеттин ылдамдыгы төмөндөшү күтүлөт. 

Өлкөдө 2080 калктуу конуштун 1827си 3G ылдамдыгындагы интернет менен камсыздалган. Пайыздык көрсөткүч менен алганда 87,8 пайызды түзөт. Ал эми 1574 калктуу конушта 4G интернети жеткиликтүү, башкача айтканда  75,6 пайызды түзөт. Бирок бул жетишерлик  эмес. Кыргызстан интернет байланыш тармагында башка өлкөлөргө салыштырмалуу бир топ артта калган. Мобилдик интернет колдонуучулар көп болгондуктан, уюлдук станцияларда чыңалуу көп. Бул маселени чечүү үчүн мамлекет интернет-провайдерлер менен биргеликте иштеп, булалуу-оптикалык байланыш линияларын куруу зарыл. Мындай пикирин Skynet интернет провайдеринин өкүлү Акылбек Карагулов билдирди.

— Мамлекет жеңилдетилген насыя берип, биз менен бирге иштешип, колдоо көрсөтсө, көп жерге кирүүгө мүмкүнчүлүк бар. Техникалык жактан мүмкүнчүлүк бар, бирок акчага келип такалып калууда. Зымдарды айылдарга да тартып барсак болот, бирок жергиликтүү тургундар интернетти коштура албайт. Себеби зымдуу интернетти туташтыруу үчүн 5 миң сомдой каражат талап кылынат. Бул сумма айрым үй-бүлөлөрдүн бир айлык жашоосуна керектелет. Мобилдик интернет чыңалуу менен иштеп жатат. Маселени жоюу үчүн тармакты кеңейтүү зарыл. Алсак, базалык станцияларды көбүрөөк жерге куруу зарыл. 

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, өлкөдө 24 миңден ашуун интернет желесине кирүү түйүнү бар. Анын 19 миңден көбү шаар жергесинде. Ал эми айыл жергесинде 4 миң 921 интернет желесине кирүү түйүнү бар.

Copyright © 2017 Maral FM