Биз менен байланышыңыз

Бишкек ЖЭБи боюнча соттун жүрүшүндө мыйзам бузуулар бар деп жактоочулар коңгуроо кагууда

Кыска кабар | 29 Окт 2019 | 625 | 0

Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш иши Сапар Исаковду куугунтуктоо максатын көздөйт. Мындай пикирди Бишкек ЖЭБ боюнча сот иштеринин жүрүшүнө нааразычылык билдирген маалымат жыйында жактоочу Нурбек Токтакунов айтты. Ал белгилегендей, Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча келишим түзүү мыйзам чегинде болгон. Келишим түзүүгө Жогорку Кеңеш өзү урускат берген, колдогон. Көйгөй Кытайдын кыска убакта берген насыясында болуп жатат. Коррупция беренеси — бул саясий куугунтукка багытталган.

Тергөөдө экспертизанын жыйынтыгына ылайык, 111 миллион доллар зыян келтирилгендиги айтылууда. Экспертиза ишке киргизүүгө кеткен каражат, персоналды окутууга кеткен каражат, жана коюлган каражаттарга берилген кепилдик эске алынган эмес. Биз экспертизаны чет элдик адистер жүргүзүүсүн талап кылдык. Бирок сот каражаттын жоктугун жүйө келтирүүдө”, — деди Токтакунов.

Copyright © 2017 Maral FM