Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы качан арзандаары белгисиз

Кыска кабар | 29 Окт 2019 | 567 | 0

Кыргызстанда жакынкы күндөрү күйүүчү майдын наркы арзандабайт. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында маалым болду.

Депутат Данияр Аттокуров күйүүчү майдын баасын арзандатуу боюнча кандай иштер аткарылып жатканына кызыкты. Бул иштер сентябрь айында эле жөнгө салынышы керектигин, октябрь айы аяктап калса да, жылыш жок болгонун айткан депутат тийиштүү кызматтардын ишин сынга алды. Ал бензин Кыргызстанда Казакстанга салыштырмалуу 10 сомго кымбат экенин эске салды.

Экономика министр Санжар Муканбетов бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, жакында бул маселе Казакстанда караларын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM