Connect with us

Жээнбеков: саламаттыкты сактоого бөлүнгөн каражаттарга көзөмөлдү күчөтүү керек

Кыска кабар | 28 Окт 2019 | 810 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-октябрда, Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповду кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы конкреттүү объектке байланып аудит өткөрүүдөн алыстап, тематикалык аудиттерди өткөрүүгө өтүү керектигин, социалдык тармакка, өзгөчө саламаттыкты сактоо тармагына бөлүнгөн каражаттарды натыйжалуу пайдалануу боюнча көзөмөлдү күчөтүүнүн өзгөчө маанисин баса белгиледи.

Жээнбеков ошондой эле, Эсептөө палатасы стратегиялык аудитке өтүп, анын аналитикалык функцияларын жана колдонуу ыкмаларын усулдук жагына басым жасоо менен ишке ашыруу керектигин белгиледи.

Улукбек Марипов бюджеттик мекемелерди, өлкө аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын негизсиз текшерүүнү азайтуу боюнча укук коргоо органдары менен тыгыз иш жүргүзүлүп жаткандыгын айтып, натыйжада, негизсиз текшерүүлөр кыйла төмөндөгөндүгүн билдирди.

Мындан сырткары, Улукбек Марипов  Эсептөө палатасында өз түзүмүн таза эмес кызматкерлерди аныктап, алардан тазалануу боюнча системалуу иш жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM