Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан: 44 жаштагы гимнаст Токиодогу Олимпиададан соң карьерасын токтотот

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 28 Окт 2019 | 877 | 0

Өзбекстандык спортчу, гимнастика боюнча 1992-жылдагы олимпиада чемпиону Оксана Чусовитина келерки жайда карьерасын токтоторун билдирди. 44 жаштагы спортчунун айтымында, анын спорттук карьерасындагы акыркы жарышы 2020-жылы Токиодо өтүүчү Олимпиада оюндарында болмокчу.

-Бул ирет жыйынтыктоочу Олимпиада болот, андан соң, чоң спорттон кетем. Активдүү спортчу болбойм, бирок спорт чөйрөсүндө кала берем. Өзбекстан спортундагы жаштарга колдоо көрсөтүп турам, — дейт Оксана.

2020-жылы өтүүчү Олимпиаданы кошо эсептегенде, спортчу бул оюндарга 8-ирет жарышка түшмөкчү. Белгилей кетсек, 2016-жылы Чусовитина Олимпиада оюндарына 7 ирет (1992, 1996, 2000, 2004, 2008, 2012, 2016) катышкан спортчу катары Гиннестин рекорддор китебине кирген. Ал эми Олимпиада оюндары башталган учурда гимнаст 45 жашка толот.

Copyright © 2017 Maral FM