Биз менен байланышыңыз

УКМК: издөөдө жүргөн эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды

Кыска кабар | 28 Окт 2019 | 425 | 0

Кыргызстандын аймагына кирүүгө тыюу салынган эл аралык террор уюмдун (ЭТУ) мүчөсү колго түштү. Аны Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) менен Ички иштер министрлиги (ИИМ) биргеликте кармашкан.

Террорго шектелген 25 жаштагы Д.А. аттуу Кыргызстандын жараны 18-октябрда колго түшөнүн УКМКнын маалымат кызматы бүгүн билдирет.

Бул иш-аракеттер эл аралык террордук уюмдарга рекруттарды жөнөтүү каналдарына бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында жүзөгө ашырылган.

Такталган маалымат боюнча, кармалган Д.А. эл аралык террористтик уюмдун лагеринен атайы диверсиялык-террористиик даярдыктан өтүп жана башчысынын тапшырмасы боюнча террористтик иш-аракеттерди аткаруу максатында КР аймагына келген. 2016-жылдан бери Д.А. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Жалданмачылык” беренеси боюнча издөөдө жүргөн”, — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Кармалган адам Жалал-Абад шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын УКМК кошумчалайт.

Copyright © 2017 Maral FM