Биз менен байланышыңыз

Бейрутта нааразылык акциялары токтой элек

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Окт 2019 | 416 | 0

Бейрутта өкмөткө каршы митингдердин катышуучулары унаа жолдордо кол кармашып, «чынжырча» түзүштү. «Reuters» агенттигине таянып, «Борбор Азия жаңылыктары» порталы кабарлагандай, акциянын алкагында Ливандын түштүгүнөн түндүгүнө чейинки 171 чакырым жол жабылды.

Ливандын жашоочулары 11 күндөн бери демонстрацияларга чыгышууда. Алар өлкө бийлигин коррупцияга жана экономиканы талкалоого айыпташууда. Бул сыяктуу жапырт жарандык акциялар Ливанда 1975-1990-жылдардагы жарандык согуштан бери биринчи жолу өтүп жатат.

Буга байланыштуу бир жумадан ашык убакыттан бери иштебей турган банктар 28-октябрда да иштебей турганын жарыялашты. Мектептер жана көптөгөн ишкана-мекемелер жабык.

Жалпы улуттук каршылык акциялары өлкөдөгү саясий институттарга каршы багытталган. Ар түрдүү диний топтордон куралган Ливан жашоочулары саясатчыларды кызмат абалынан кыянат пайдаланууга, баюу үчүн мамлекеттин ресурстарын колдонууга айыпташууда. Өлкө каржы каатчылыгына кептелүүдө, доллар тартыш болууда.

Акыркы күндөрү Ливан өкмөтү бир катар реформаларды өткөрөрүн жараялады, бирок бул өлкөдөгү каршылык маанайды басаңдата алган жок.

Copyright © 2017 Maral FM