Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Биримдик бекем болсун десек, «эпке келүү механизмин» жүргүзүүбүз керек

Кыска кабар | 26 Окт 2019 | 467 | 0

«Экономикалык мүмкүнчүлүктөрү жана ресурстары, өздөрүнө гана мүнөздүү болгон тарыхы, маданияты жана салт-санаасы ар түрдүү болсо дагы биздин мамлекеттер учурдун чакырыктарына каршы туруу үчүн бирикти. Мындай тарыхый чечимдин натыйжалуу максаты – бул биздин элдердин кызыкчылыктарын коргоо жана алардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга жана өнүктүрүүгө жетишүү», — деди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Москва шаарында өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кеңири курамдагы жыйынында.

Өкмөт башчы ошол эле учурда ЕАЭБдин келишимдик-укуктук базасынын жетишпеген жактарына, ар кандай тоскоолдуктарга жана ички рыноктогу чектөөлөргө байланыштуу бир катар кыйынчылыктар бар экенин белгиледи.

«Эгер биз интеграциялык биримдик бекем жана жөндөмдүү болсун десек, өнөктөштөрдүн кызыкчылыгына каршы келбегендей, «эпке келүү механизми» деп аталган тажрыйбаны активдүү жүргүзүүбүз керек», — деди өкмөт башчы.

Премьер-министр кыргыз тараптын демилгеси менен Орусиядан Кыргызстанга которулуп жаткан акча каражаттарынын чектөө маселеси да талкууланганын белгиледи: «Бул маселе биздин көптөгөн мекендештерибизге тиешелүү болгондуктан, мындай көйгөйлөрдү Биримдиктин аянтчасында чечүү керек».

Copyright © 2017 Maral FM