Биз менен байланышыңыз

Япония Кыргызстанга 345 миң эмгек визасын берүүнү пландап жатат

Кыска кабар | 25 Окт 2019 | 11300 | 0

Кыргызстандын жарандарын Японияга жумушка тартуунун келечектери Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Япониянын Юстиция министри Кацуюки Каваи менен болгон жолугушуусунда талкууланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаментинен билдиришти.

Айдарбеков япон компанияларында иштөө үчүн квалификациялуу кадрларды даярдоо боюнча Кыргызстандын дарамети жөнүндө айтып берди. Ал 2018-жылдын декабрында «Иммиграциялык контролдоо жана качкындар жөнүндө» мыйзамга толуктоолор киргизилгендигин, ага ылайык, ушул жылдын 1-апрелинен тартып Япония “1-атайын көндүмдөр” жана “2-атайын көндүмдөр” деген визалардын эки жаңы категориясын киргизгендигин айтып өттү.

Ошондой эле, ал кыргыз тарабы жогоруда айтылган категориядагы визаларды берүүнүн талаптарына ылайык кадрларды даярдоо боюнча ишти жүргүзүп жаткандыгын билдирди.

Мындан сырткары,  Айдарбеков Кыргызстандын жарандары үчүн визалардын жаңы категорияларын киргизүүнүн мөөнөттөрү жана шарттары боюнча япон тараптын пландарына кызыкты.

Кацуюки Каваи аталган визалардын категориялары ушул жылдын 1-апрелинен тартып киргизилгендигин тастыктап, жаңы эрежелердин алкагында 5 жыл ичинде курулуш, кызмат көрсөтүү, автомобилдерди тейлөө чөйрөсүндө жумуштар үчүн 345 миң 150 виза берүү пландалып жаткандыгын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар жумушчу деңгээлде кеп-кеңештерди улантууну макулдашты.

Copyright © 2017 Maral FM