Биз менен байланышыңыз

Руслан Акматбек: «Криминалдарды көз жаздымда калтырсак, бир күнү легитимдүү болууну самашат»

Без рубрики | 25 Окт 2019 | 456 | 0

Уюшкан кылмыштуу топту көз жаздымда калтырсак, алар бир күнү легитимдүү болууну самашат. Бул тууралуу экономист, көз карандысыз серепчи Руслан Акматбек «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Аймактарда криминалдар жергиликтүүлөргө жардам берген адам катары кабыл алынат экен. Жаштар арасында аларды өзгөчө кумир катары туткандар бар», — дейт Акматбек.

Ал укук коргоо органдары өзүнө зарылчылык болгондо гана маселени дароо жөнгө салып, ыкчам чечим кабыл аларын сындап, бирок жарандарга келгенде иштебей калганы — чоң суроо жаратарын белгиледи.

Мындан сырткары, эксперт өлкөдө байлыкты ачыкка чыгаруу маданияты жок экенине токтолду.

«Байлыкты ачыкка чыгарган күндөн тарта кара тизмеге кирип каласың. Бул көмүскө экономикага шарт түзүүдө. Андыктан байлыкты ачыкка чыгаруу маданиятын киргизип, ага шарт түзүшүбүз керек», — дейт серепчи.

Copyright © 2017 Maral FM