Биз менен байланышыңыз

ЕАЭБдин жобосун бузган «саясий чечим»

Саясат | 14 мая 2021 | 9947 | 1

1-майда Кыргыз Өкмөтү Казанда өткөн жыйында Евразия Экономикалык Комиссиясынын коллегиясына мүчөлүгүнө Максат Мамытканов менен Темирбек Асанбековдун талапкерлигин сунуш кылды. Көрсөтүлгөн эки талапкер тең ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары тарабынан колдоо тапты.

Бирок Кыргыз Өкмөтү сунуштаган 2 талапкердин иш тажрыйбасы ЕЭКтин жобосуна туура келбейт. Анткени ЕАЭБ келишиминин «Евразия Экономикалык Комиссиясы жөнүндө» жобосунда мындай деп жазылган:

— Комиссиянын Коллегиясынын мүчөлөрү төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: кызматтык милдеттерине ылайык келген кесиптик даярдыгы болушу керек; ошондой эле кызматтык милдеттеринин багыты боюнча 7 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болушу, анын ичинде мүчө мамлекеттердин органдарында 1 жылдан кем эмес жетекчилик кызматта иштеши шарт.

Комиссиянын Энергетика жана инфраструктура министри кызматына сунушталып жаткан Темирбек Асанбеков президенттик шайлоодо талапкерлигин көп жолу койгон жана «Мекен Ынтымагы» партиясынын лидери катары белгилүү. Ага чейинки иш тажрыйбасынын таржымалы төмөнкүдөй:

-1996-1998-жылдары Москвадагы AIG эл аралык камсыздандыруу компаниясында менеджер;

-1998-2002-жылдары “АТМ-Агро” компаниясынын директору;

-2002-2007-жылы “Арбат-менеджмент” компаниясынын башкы директору;

-2007-2010-жылдары “Аспол-центр” компаниясын жетекчиси;

-2010-жылдан баштап “Мекен Ынтымагы” партиясынын лидери.

Асанбеков өзү жогоруда көрсөтүлгөн келишимдеги талаптарды формалдуу чечим деп баалады. Ал өзү Евразия Окумуштуулар тобунун мүчөсү болгонун, Кыргызстанда мындай макамдагы жалгыз адам экенин, эл аралык форумдарга катышып келгенин эске салып, ушул өзгөчөлүгү менен талапкерлиги коюлуп жатканын танган жок.

— Талаптар формалдуу гана нерсе, андан маселе жаралбайт. Негизгиси, ЕАЭБдин эртең эффективдүү иштеп кетүүсү үчүн кылынган иштердин болушу. ЕАЭБ саясий тармактын негизинде чечилген. Ошого ылайык, ар бир мамлекет түзүлгөн мүмкүнчүлүктү колдонуп, бакубаттуулугун бекемдөөгө аракет кылат. Кыргызстан жөнөткөн мамлекеттик кызматкерлер өзүнүн чабалдыгын көрсөткөнү үчүн ордун таба албай жатат.  

Максат Мамытканов 2020-жылдын 14-октябрында вице-премьер-министр болуп дайындалып, ушул жылдын 3-февралында кызматтан алынды. Анын ага чейинки иш тажрыйбасы төмөнкүдөй:

1997 – 2011 — улуттук коопсуздук боюнча органдардын запастагы майору;

2007 – 2010 — коллектордук компаниянын директору

2008 – 2010 —"Акыл-Инвест-Банк" ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөсү;

2010 – 2011 —"Альфа-Телеком" ишканасынын коопсуздук боюнча директору;

2011 – жылдан баштап "Cosultihg Media" ЖЧКсынын директору;

2011 – жылдан бери “Чоң-Казат” партиясынын негиздөөчүсү жана "Деньги & Власть" гезитинин негиздөөчүлөрүнүн бири.

 

Ал өзүнүн талапкерлигинин көрсөтүлүшү боюнча комментарий берүүдөн баш тартып, кыска пикирин айтты.

— Талапкерлигимдин коюлушу боюнча өзүм комментарий бере албайм. Бул суроону президентке, премьер-министрге бергиле. Мага ишеним артылып жатса, кантип жок демек элем? Көз карашыбыз боюнча комментарий бербейбиз. Биздин көз карашыбыз — «до конца». Болду.

Саясат талдоочу Руслан Акматбек Кыргызстан интеграциялык уюмдарда өзүнүн позициясын коргой албай жатканын сынга алды. Буга жакында эле болгон Тажикстандын Баткенге жасаган агрессиялык баскынчылыгында эл аралык уюмдардан үн каткан өкүл болбогонун мисал келтирди. ЕАЭБде да ишкерлердин, мигранттардын көйгөйлөрүн чечүүдө, көтөрүп чыгууда кыргыз бийлиги жөнөткөн өкүлдөр чабалдыгын көрсөтүп келет деген ойдо. Жаңы сунушталып жаткандарды кесипкөй кадр катары эсептебейт.

— Комиссия тарабынан шайланып, макулдук берилип, дайындалган күндө деле утулган тарап Кыргызстан болот. Биз ЕАЭБге «багыбыз ачылат, мүмкүнчүлүк түзүлөт» деп киргенбиз. Кыргызстандын ичиндеги бийлик орундары кандай таратылып атса, эл аралык уюмдардагы дайындоолорубуз да ошондой оюн менен берилип жатат. Сунушталып жаткан эки талапкердин тең Комиссиянын коллегиясына мүчө болуп, Кыргызстандын таламын татыктуу коргой аларына ишенбейм. Эл деп жүргөнү менен саясий ыңгайга жараша аракет кылган, пайдалуу бир да долбоорду аягына чыгарбаган адамдар болуп жатат.

Министрлер кабинетинин төрага орун басары, Экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков Асанбеков менен Мамыткановду талапкер катары көрсөтүү саясий чечим болгонун түшүндүрдү. Мындай тажрыйба буга чейин да колдонулуп келгенин, көрсөтүлгөн талапкерлер кабыл алына турган болсо, аларды кыйынчылык күтүп турарын да эскертти.

— Чын-чынына келгенде бул маселеде (жаңы сунушталып жаткан талапкерлердин кесипкөйлүгүндө — ред.) тобокелчилик бар. Анткени ал жерде ар бир өлкө өзүнүн кызыкчылыгын коргоо үчүн, деги эле Комиссияда иштөө үчүн жогорку деңгээлдеги кесипкөйлөр керек. Барардан мурда талапкер өзү да ойлонуп, тартып кете алар-албасын карап көрүшү керек. Алар барып калса, кыйналышат. Мен муну көрүп эле турам. Баарын убакыт көрсөтөт. Саясий чечимге баа бергеним туура болбой калат. Бирок кесипкөй кадрлар бизде көп.

Кыргыз аткаруу бийлиги Максат Мамыткановду Комиссиядагы Бажы кызматташтыгы министри Олег Панкратовдун ордуна, ал эми Темирбек Асанбековду Энергетика жана инфраструктура министри Эмил Кайкиевдин ордуна сунуштады. Көрсөтүлгөн талапкерлерди дайындоо же артка кайтаруу чечимин эми Евразия Экономикалык Комиссиясынын парламенти, тагыраагы, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн президенттери чечет. ЕЭКтин кабыл алынган жобосуна ылайык, Евразия Экономикалык Комиссиясынын коллегиясына мүчөлөр 4 жылга шайланат.

1 пикир

1 пикир

  1. Бактыбек.

    15.05.2021 15:09

    Жакшы болгон экен Эми кызыкчылыкты коргой ала турган Эл аралык уюмдарда иштеп жургон Асанбеков алып кетээрине ото Жогорку денгээлде иш алапарат деген ишеним куч.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM