Биз менен байланышыңыз

Өкмөт башчы Абылгазиев иш сапары менен Орусияга кетти 

Кыска кабар | 24 Окт 2019 | 488 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Орусиянын Москва шаарына иш сапар менен кетти. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Иш сапардын алкагында Өкмөт башчы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына, ошондой эле ушул жылдын 25-октябрында өтө турган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги отурумуна катышат.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында күн тартибиндеги 15 маселе каралат. Ал эми КМШнын Өкмөт башчыларынын кеңешинин отурумунда 19 маселе каралат.  Жыйындын соңунда бир катар документтерге кол коюлат.

 

Copyright © 2017 Maral FM