Биз менен байланышыңыз

Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга 3200 кыргызстандык катышкан

Кыска кабар | 23 Окт 2019 | 672 | 0

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Чернобыль атомдук станциясындагы кырсыктын 35 жылдыгына карата  эл аралык илимий-практикалык форумга даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Вице-премьер айлана-чөйрөнү экологиялык катастрофага алып келе турган радиоактивдүү зат менен булганышына, жалпы элге оорчулукту алып келген, чоң территориядагы миллиондогон адамдардын жашоосуна таасирин тийгизген Чернобыль атомдук станциясында болгон кырсыкка 2021-жылы 35 жыл болорун белгиледи.

1986-жылдан 1989-жылга чейин 3 миң 200 кыргызстандык өзүнөн дагы башкалардын өмүрүн жогору коюп, Чернобыль атомдук станциясында болгон кырсыктын кесепеттерин жоюуга катышкан. Мындан тышкары вице-премьер-министр Жеңиш Разаков 2021-жылы Япониядагы Фукусима-1 атомдук станциясында болгон аварияга 10 жыл болорун  билдирди.

«Бул күндөрдү белгилөө менен, биз жалпы элдин кызыкчылыгын жогору коюп, кырсыктын кесепеттерин жоюуга катышкандарга, өз өмүрүн бергендерге таазим кылып, эскеребиз», — деди Жеңиш Разаков.

Жыйында эл аралык форумду өткөрүү боюнча мекемелер аралык иш-чаралардын планы дагы талкууланды.

Copyright © 2017 Maral FM