Биз менен байланышыңыз

Бишкекте адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын сынагы өтөт

Кыска кабар | 23 Окт 2019 | 567 | 0

Өлкөдө «Бир Дүйнө Кыргызстан» аттуу даректүү фильмдердин эл аралык фестивалы 13-ирет өткөрүлүүдө. Аталган иш-чарада адам  укуктарын коргоо боюнча темага басым жасалат.

Белгилей кетсек, быйыл Бириккен Улуттар Уюмунун  конвенциясынын 30 жылдыгына карата балдардын укугун коргоо боюнча даректүү тасмаларга сынак жарыяланган.

Анда мүмкүнчүлүгү чектелген бөбөктөрдүн жана мигранттардын  балдарынын укугун коргоо, ошондой эле алардын орчундуу көйгөйлөрүн чагылдыруу максатында 20 дан ашуун тасма элдин назарынан өтөт.

«Бир Дүйнө Кыргызстан» фестивалынын кызматкери Лира Исмаилова  балдар укугу боюнча көйгөйлөрдү чечүү максатында укук коргоо органдары менен биргеликте семинарлар өтө турганын айтты. Анын маалыматында, балдар укугун коргоодо Акыйкатчы институту да көмөк көрсөтүп келет.

Кошумчалай кетсек, аталган фестивалга карата тартылган тасмалар 11 –ноябрдан 15-ноябрга чейин Бишкектеги «Россия» кинотеатрында көрсөтүлөт. Ал эми жеңүүчүлөргө бир катар сыйлыктар тапшырылат.

Copyright © 2017 Maral FM