Connect with us

Назарбаев менен Владимир Зеленский жолугушту

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Окт 2019 | 692 | 0

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушту. Бул тууралуу elbasy.kz сайты жазды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Нурсултан Назарбаев Зеленскийди Президенттик шайлооодогу жеңиши менен куттуктады.

Мен күн сайын Украинада эмне болуп жатканына көз салам. Бул менин качандыр бир убакта 2 жыл Украинада окуганым үчүн эмес, мен көз карандысыздыкты алгандан бери баардык Украинанын мамлкет башчылары менен болгон жакшы тааныштыгымдан болсо керек. Сиз элдин чоң ишеними менен шайландыңыз. Сизде белгиленген пландарыңыздын баарын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк бар”, — деди Казакстандын тунгуч президенти.

Ошондой эле, ал Украинадагы болуп жаткан окуяларга тынчсызданып жатканын билдирип, Украинавнын түштүк-батышындагы конфликти тынчтык жолу менен чечүү керектигин белгиледи.

Өз кезегинде, Владимир Зеленский Украинанын Казакстанды бир катар маселелер боюнча ар дайым колдоп келгенин белгилеп, Назарбаевди Украинага барууга чакырды.

Андан тышкары, тараптар товар алмашууну жогорулатуу жана эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө маселелерин талкуулашты.

 

Copyright © 2017 Maral FM