Биз менен байланышыңыз

Украинада 218 прокурор иштен алынат

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Окт 2019 | 751 | 0

Украинанын Башкы прокуратурасы жаңы прокуратурада иштөө үчүн аттестациядан өтпөгөн 218 прокурорду иштен алмакчы. Бул тууралуу Украина Башкы прокуратурасынын пресс-катчысы маалымдаган.

«Алар Башкы прокуратуранын аттестациясынан өтүүдөн баш тартышкан. Алардын катарына кабыл алынган жарлыкка каршы арыз жазгандар да кирет. Мыйзамга ылайык, шартты аткарбагандар иштен алынмакчы».

Ошол эле учурда 11 000 прокурор (жалпы прокурорлордун 96 пайызы) ушул багыттагы арызын тапшырышкан.

25-сентябрда Украинада Башкы прокуратурада реформалоо боюнча мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, Атайын антикоррупциялык мекемеден сырткаркы кызматкерлер кайталануучу аттестациядан өтүүсү кажет.

Copyright © 2017 Maral FM