Биз менен байланышыңыз

ИИМ академиясынын курсанттары Дубайдан акысыз билим ала алышат

Кыска кабар | 22 Окт 2019 | 420 | 0

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Академиясынын курсанттары Дубай эмиратынын полиция академиясында акысыз билим алат. Мындай маалымат вице-премьер-министри Замирбек Аскаров менен Дубайдын полиция жетекчиси Абдаллах Халифа Аль Марри менен жолугушууда маалым болду.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тараптар кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Анда Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдоо максатында программалык жабдууларды жана техникалык жардам берүү жөнүндө сөз болгон.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Дубай эмиратынын полиция жетекчисине ИИМдин Академиясынын курсанттары үчүн Дубайдын полиция академиясынан акысыз билим алуу укугун берген, атайын жолдомолорду берүү жөнүндө маселени оң жагына чечип бергени үчүн ыраазычылык билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM