Биз менен байланышыңыз

Өкмөт автопаркты электромобилдерге өткөрүү программасын иштеп чыгууну тапшырды

Кыска кабар | 21 Окт 2019 | 411 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев электр кыймылдаткычы бар транспорт каражаттарын колдонууну жана 2019-2020-жылдарга карата кубаттоо инфраструктурасын түзүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы дүйнөлүк тенденцияда электромобилдик транспорт күн санап кеңири колдонулууда, буга байланыштуу биздин өлкөдө бул багыт жашыл экономиканынын бирден-бир артыкчылыктуу багыты катары карылышы керектигин белгиледи.

«Экологиялык жактан таза транспортко өтүүнүн негизги жана артыкчылыктуу себеби – бул айлана-чөйрөгө чыккан зыяндуу заттарды кыйла азайтуу, экологияга кам көрүү болуп эсептелет.  Статистикалык маалыматтар боюнча, кадимки күйүүчү май менен жүргөн транспорт электромобилге салыштырмалуу орто эсеп менен 13 эсе көп углерод жана башка газдарды чыгарат«, — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр мамлекеттик органдар жарандарга үлгү көрсөтүшү керектигин баса белгилеп, мамлекеттик бюджеттен кошумча каражат бөлбөй мамлекеттик органдардын автопаркын электромобилдерге өткөрүү программасын иштеп чыгууну тапшырды.

Өкмөт башчынын тапшырмасы боюнча күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууга, автопаркты оңдоого жана аны камсыздоого багытталган башка беренелер үчүн бюджеттен кеткен учурдагы чыгымдарга талдоо жүргүзүлөт. Электромобилдердин батареяларын кубаттоо үчүн электр энергиясына 1 сом 59 тыйын өлчөмүндө атайын баа бекитилет.

Copyright © 2017 Maral FM