Биз менен байланышыңыз

Ливанда үчүнчү күнү массалык нааразылык. Баары WhatsAppка салык салуудан башталган

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Окт 2019 | 587 | 0

19-октябрда Ливандын борбор шаары Бейрутта Өкмөттүн имаратынын жанына миңдеген кишилер салыктардын жогорулашына каршылыктарын билдирип, саясий системаны толугу менен карап чыгуу талабы менен мамлекеттик желектерин көтөрүп, нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу Би-би-си орус кызматы жазды.

Бейрутта учурда көчөлөр сынган айнектерге жана таштандыларга толуп согуш болгон аймактай көрүнүп, банктар, көптөгөн ресторандар жана дүкөндөр жабылгандыгын Франс пресс жазды. Борбордо башталган башталган нааразылык акциясы өлкөнүн бардык региондорун каптаган.

Нааразычылыктар 17-октябрда Өкмөттүн салык саясатына, атап айтканда WhatsApp жана башка мессенджер тиркемелери аркылуу чалууларга айына 6 доллар өлчөмүндөгү салык салуу боюнча чыккан мыйзамдан кийин чыккан. Көп өтпөй бийликтегилер аталган чечимди жокко чыгарган, бирок нааразылык уланган.

Ливандын өкмөт башчысы Саад Харири Өкмөттүк коалицияга абалдан чыгуунун жолун табуу үчүн дүйшөмбү күнгө чейин убакыт берүүнү суранган.

Ливандын мамлекеттик карызы дүйнөдөгү эң ири мамлекеттик карыздардын бири. Мамлекеттик бюджеттин тартыштыгын азайтуу үчүн бийлик жаңы салыктарды киргизүүнү пландаган.

Экономикалык өсүш коңшу Сириядагы согушка байланыштуу акыркы 8 жылда кескин басаңдаган. Ливандын Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөнүн мамлекеттик карызы 86 миллиард доллар болуп, бул ИДПга карата 150% га көп.

Харири жетектеген өкмөт ири өлчөмдөгү каржылык жардам алуу жана дефолтту жок кылуу үчүн мамлекеттик кызматкерлердин, аскер кызматчыларынын жана мамлекеттик жөлөкпулдар менен пенсияларды азайтуу жолу менен барууну тандаган.

Copyright © 2017 Maral FM