Биз менен байланышыңыз

2015-жылдагы Парламенттик шайлоодо 9 пайыздык босого болсо кайсы партиялар өтмөк?

Кыска кабар | 20 Окт 2019 | 1271 | 1

Парламенттик шайлоодогу партиялардын парламентке келишин шарттаган 7 пайыздык босого 9 пайызга көтөрүлгөн. Мындан улам 2015-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгында кайсы партиялар өтүп-өтпөгөндүгүн сиздерге сунуштайбыз.

Аталган шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгынын негизинде партиялар төмөнкүдөй добуштарга ээ болгон:

КСДП — 432 миң  846 добуш, же  27,56%;

«Республика — Ата-Журт» — 318 миң 266 добуш, же 20,26%;

«Кыргызстан» — 205 миң 286 шайлоочу, же  13,07%;

«Өнүгүү — Прогресс» — 147 миң 515 добуш, же 9,39%;

«Бир Бол» — 134 миң 909 жаран, же 8,59%;

«Ата Мекен» — 122 миң 500 добуш, же 7,83%.

КСДП 38 мандат, «Республика — Ата-Журт» — 28, «Кыргызстан» — 18, «Өнүгүү-Прогресс» — 13, «Бир Бол» — 12, жана «Ата Мекен» 11 мандатка ээ болгон.

Эгерде 2015-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоодо 9 пайыздык босого болгондо көрүнгөндөй  бүгүнкү күндө Парламентте КСДП, «Республика — Ата-Журт», «Кыргызстан» жана «Өнүгүү — Прогресс» партиялары гана болмок.

Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу биометрикалык маалыматтардын жардамы менен өткөн 2015-жылдагы шайлоодо добуш берүү укугуна 2 миллион 670 миң 480 жаран ээ болгон. Алардын ичинен шайлоого катышкандар 1 миллион 630 миң 122 жаран башкача айтканда  жалпы шайлоочулардын 59 %ы катышкан.

1 пикир

1 пикир

  1. Токур

    20.10.2019 17:30

    Шайлоо — элди дагы бир жолу алдоо.
    Баягы эле голосту сатып алам дегендер, мандат саткандар, мандат алгандар. Элдин жакырчылыгынан пайдалангандар, элдин бай жашоосун каалабагандар, элди мункуротуп коз каранды болгонун каалаган партиялар.
    Акча тапкан коз каранды эмес жарандар чет олкодо, алар мин сомго сатылбайт. Ошолордун тандоосу туура болот.
    Кыргыз эли байларга коз каранды болбой, бай жашаганда шайлоо туура, таза отот.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM