Биз менен байланышыңыз

Дайынсыз жоголгон ишкер жансыз табылды

Кыска кабар | 19 Окт 2019 | 7118 | 0

Мындан 16 күн мурда дайынсыз жоголгон ишкер Хуфур Абдурахемандын жансыз денеси Нарындын Кочкор районунан табылды. Бул тууралуу «Акипресс» маалымат агенттиги күч органдарындагы жеке булактарына таянып, 19-октябрда жазды.

Алдын ала маалыматта милиция бул ишке шектүү катары 5 адамды кармаган. Алар ишкердин сөөгү Кочкор районуна көмүлгөнүн, анын унаасы кара түскө боёлгонун айтышкан. Милиция учурда тергөө амалдарын улантып жатат.

Абдурахеман 4-октябрдан бери дайынсыз делип изделип жаткан болчу. Ал күнү Бишкектеги “Мадина” базарынан өзүнүн ак түстөгү жол тандабас BMW X5 унаасы менен чыгып кетип, ошол бойдон дайыны чыкпай жаткан. Анын бир тууган, жакындары арыз менен милицияга кайрылган болчу.

Маркум ишкер “Мадина” базарындагы “Мадина” кафесинин кожоюну болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM