Биз менен байланышыңыз

Жан сакчы Канат Сагымбаевди жактоочулар тергөөнүн адилет өтүшүн талап кылышууда

Кыска кабар | 19 Окт 2019 | 451 | 0

Ушул тапта Бишкектеги Горький атындагы паркта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевди колдогондордун тынчтык митинги өтүп жатат. Колдоочулар Канат Сагынбаевдин соттук териштирүү иштеринде адилеттикти талап кылып жатышат.

Акциячылар Канат Сагымбаевдин мурдагы президент Атамбаевдин жан сакчысы катары акырына чейин турганын, ал аскердик милдетин аткарганын айтышууда. Сагымбаевдин кичи мекени Жети-Өгүздөн келишкен жарандар митингде сөз сүйлөшүп, көпчүлүгү Канат Сагымбаев боюнча иш адилет тергелип бүтмөйүнчө, аягына чейин турушарын айтышты. Адилет чечим чыгарына үмүт артышып, алар президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышты.

Эске салсак, Канат Сагымбаев «Массалык башаламандыкты уюштуруу», «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу», «Топтошуп адам өлтүрүү» жана «Тергөөчү же башка кызмат адамдарынын аракеттерине тоскоолдук жаратуу» беренелери боюнча айыпталып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM