Биз менен байланышыңыз

Султан Садыралиев: «Айылдык балдардай эле экенсиң, биз башкача элестетчүбүз,”-деп көп айтышчу…

Убагында «Кудача кыз», «Жөнөкөй жигит» аттуу ырлар менен таанылып, шоу чөйрөсүнөн өзүнүн ордун тапкан, таланттуу ырчы, өзү айткандай «жөнөкөй жигит» Султан Садыралиев «Марал-шоу» программасына маек куруп берди.

-Султан мырза, саламатсызбы?

-Саламатчылык.

-Ийри отуруп, түз кеңеш деп бекеринен айтылбаса керек. Сиздин жакын кеңешчилериңиз ким болду экен?

-Менин бир жаман адатым бар, кеңеш кабыл албайм эч кимден. Өзүм жыйынтык  чыгарам.

-Бийик кыялдарыңыз?

-Бул жашоого кичинекей  болсо дагы, из калтырган  адам болсом экен деп  кыялданам. Бизди эл тарбиялайт экен. Үйлөнө элек кезде “балалуу  болсом, кантип  тарбиялайм”  деп  коркчу элем. Көрсө, балдар бизди тарбиялайт экен. Аларды карап, түздөнөт экенсиң.

-Жаңы таанышкан адамдын эмнесине көңүл бурасыз?

-Биринчи көз карашына көңүл бурам. Анан  жалган жашоодо жашап аткандарын сезген  адамдарды мен көбүрөөк сыйлайм.

-Сиздин мыкты сапатыңыз?

-Мыкты деген сапатымды белгилеп баалай  албайм.  Өзүм жөнүндө ойлорум андай  бийик  эмес. Бирок эл айтат: “сыртыңдан  бой  көтөргөн  жигиттей  көрүнөсүң,  жакындан  аябай  жөнөкөй  экенсиң», анан  «и-ии, сен  айылдык  балдардай эле  экенсиң,  биз  башкача  элестетчүбүз,”- деп. Бирок  айылда  эле  өсүп чоңойгон  баламын (күлүп).

-Маегиңизге чоң рахмат!

 

 

Copyright © 2017 Maral FM