Биз менен байланышыңыз

Баткен: Разаков Аксай — Тамдык жана Аксай – Рават жолунун курулушу менен таанышты

Кыска кабар | 18 Окт 2019 | 510 | 0

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Баткен облусундагы иш сапарында Аксай — Тамдык жана Аксай – Рават жолунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматы билдирди.

«Көк-Таш — Аксай — Тамдык» жолунун узундугу 24,5 чакырымды, ал эми сметалык баасы 606 млн сомду түзөт.

Көк-Таш – Аксай жолунун узундугу 6,8 чакырым келген тилкесине асфальт төшөөгө 50 млн сом каралган. Бул каттамдын жогоруда айтылган 6,8 чакырым тилкесине асфальт төшөлдү.

Курулуш иши 2014-жылы башталган Ак-Сай – Рават унаа жолунун узундугу 25 чакырымды түзөт. Долбоордун сметалык баасы — 584,5 млн сом. Жолго шагыл төшөөгө жалданма компания 20 млн сом которгон.

Каттамдын узундугу 6 чакырым келген тилкеси кеңейтилди. Учурда жолдо курулуш иштери уланууда. Ушул жылдын ноябрь айынын соңуна чейин жолдон чоң жүк ташуучу транспорт каражаттарынын каттоосуна уруксат берилери күтүлүүдө.

Мындан тышкары вице-премьер-министр Аксай айыл округунун «Бакай» участкасындагы ирригациялык системанын курулушу менен таанышты. Быйыл бул объектини каржылоого 50 млн сом каралган.

Copyright © 2017 Maral FM