Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы: Москвада 2 кыргызстандык полиция участогунда мыйзамсыз камакта жатат

Кыска кабар | 18 Окт 2019 | 468 | 0

Москвада кыргызстандык эки жаран полиция участогунда мыйзамсыз камакта жатат. Бул боюнча Кыргызстандын Акыйкатчысы Токон Мамытов Орусия Федерациясынын Омбудсмени Татьяна Москальковага кайрылды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун маалымат кызматы билдирди.

Токон Мамытов кайрылуусунда учурда Москва шаарындагы полиция участогунда кыргызстандык 1993-жылы туулган  У. уулу А. жана 1995-жылы туулган Ж.Н. кармалып турганы мыйзамсыз экени белгиленген.

Акыйкатчы өз кесиптешинен мекендештерибизге укуктук жардам көрсөтүүнү жана алардын укуктарынын бузулган фактысы аныкталса, күнөөлүүлөргө чара көрүүгө көмөктөшүүнү суранган.

Эки кыргызстандыкты 16-октябрында Новокосино районунун мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр борборунан чыгып келе жатышканда полиция кармап кеткен.

Маалыматка ылайык, Новокосино полиция бөлүмүнө алып барылган Кыргызстандын жарандарына котормочу берилген эмес жана полиция участогуна түшкөнү тууралуу Кыргызстандын Элчилигине кабарланган эмес.

Copyright © 2017 Maral FM