Wildlife Photographer of the Year (WPY) — Жапайы табиятты чагылдырган сүрөтчүлөрдүн сынагы. 1964-жылдан бери өткөрүлүп келет жана фотосүрөт тармагы боюнча маанилүү жана престиждүү сынак болуп саналат. Учурдагы уюштуруучусу — Лондондогу Табият таануу музейи. Маалыматтар «BBCнин» орус кызматынан алынды.
Бирөөлөргө бул «кызыктуу жаныбарлар» сынагына жиберчү сүрөттөй көрүнүшү мүмкүн. Жакшылап баамдаган адамга тескерисинче, өтө аянычтуу көрүнүш. Себеби, ач түлкү чөндөлөйгө чабуул жасоодо. Сүрөт Кытайдын тоолорунда тартылган.
Аталган сүрөтү менен «2019-жылдын Жапайы жашоодогу фотографы» наамын алган Юнцин Бао: «Бул — жашоо», — деген түшүндүрмө берген. Белгилей кетсек, аталган фотосүрөт «Сүт эмүүчү жандыктардын жашоосу» категориясында каралган.
Сабыр – жапайы табияттагы фотограф үчүн улуу касиет. Юнцин бул кадрды тартуу үчүн бир нече саат ордунан жылбай жашырынып, көптөгөн убактысын короткон.
«Wildlife Photographer of the Year-2019» сынагынын башка категориядагы жеңүүчүлөрү:
«Куштардын жашоосу» категориясынын жеңүүчүсү Оден Рикардсен, Норвегия. Бул сүрөттү тартуу үчүн фотограф 3 жыл короткон.
«Жаныбарлар өзүнүн чөйрөсүндө» категориясы. «Кар баскан талаанын көчмөндөрү», Шанчжэнь Фань, Кытай