Биз менен байланышыңыз

Мигранттар чек арада каза болгон Муминовдун үй-бүлөсүнө акчалай жардам берди

Кыска кабар | 17 Окт 2019 | 723 | 0

Москвада иштеген кыргызстандык мигранттар Лейлек чек арасында тажик-кыргыз чек арачыларынын ортосундагы атышууда каза болгон Равшан Муминовдун үй-бүлөсүнө акчалай жардам көрсөттү. Бул тууралуу Зулпидин Нурматов  аттуу Facebook колдонуучу өз баракчасына жарыялады. Ал мигранттар чогулткан аманатты жеткиргенин билдирип, маркумдун энесине тапшырып жаткан сүрөтүн жайгаштырган.

«Ассалому алейкум, мекендештер! Москвадан берген аманатыңыздарды Исфана шаарына барып, чек арадагы чырдан каза болгон Равшанбай акебиздин апасына тапшырып келдик. Сиздерден Аллахым ыраазы болсун. Жардам берели деп салым кошкон ар бириңиздерге ыраазычылык билдиребиз», — деген билдирүү калтырган.

Эске сала кетсек, сентябрь айында Лейлек районунун Тажикстан менен чектеш Максат айылында тажик-кыргыз чек арачыларынын ортосунда куралдуу атышуу болгон. Ок атышууда атайын даярдыктагы «Бөрү» аскердик отрядынын прапорщиги Равшан Муминов тажик тараптан ыргытылган жардыргыч заттан жабыркап, каза болгон.

Анын артында жубайы, үч баласы жана карыган апасы калганы, алар учурда батирде турары айтылган.


Лейлек: Каза болгон аскердин артында 3 баласы, апасы жана жубайы калды


Буга чейин коомчулукта аларга батир берүү демсилгеси айтылган.


Баткенде окко учкан чек арачынын үй-бүлөсүнө батир берүү сунушталды


 

Copyright © 2017 Maral FM