Биз менен байланышыңыз

Баткенде окко учкан чек арачынын үй-бүлөсүнө батир берүү сунушталды

Кыска кабар | 3 Окт 2019 | 1483 | 1

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда каза тапкан кыргыз чек арачысы Равшан Муминовдун үй-бүлөсүнө батир берүү сунушталды.

Депутат Таабалды Тиллаев парламенттин жалпы жыйынында Муминовду жана чек ара чырында өмүрүн тобокелдикке салган аскерлерди мамлекеттик сыйлыкка да көрсөтүүнү сунуштады.

Лейлек: Каза болгон аскердин артында 3 баласы, апасы жана жубайы калды

Эске салсак, 16-сентябрда Лейлек районунун Тажикстан менен чектешкен Максат айылында эки өлкөнүн чек ара аскерлеринин ортосунда ок атышуу болгон. Анда кыргыз тараптан 1 аскер кызматкери каза таап, 13 киши жаракат алышкан.

Мамлекеттик чек ара кызматынын «Бөрү» атайын багыттагы отрядынын аскер кызматкери Равшан Муминов Лейлек районунун Максат айылындагы чек ара пунктунда кызмат өтөгөн. Ал 16-сентябрдагы ок атышууда каза таап, артында жубайы, үч баласы жана карыган апасы калган. Алар учурда батирде турат.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM