Биз менен байланышыңыз

Камчыбек Жолдошбаев коронавируска каршы күрөшүү үчүн 1 млн сом берет

Кыска кабар | 19 Мар 2020 | 1907 | 0

Депутат Камчыбек Жолдошбаев коронавируска каршы күрөшүү үчүн республикалык штабга жардам катары 1 миллион сом акча убада кылды.

Бул тууралуу ал бүгүн, 19-мартта Парламентте коронавирустун абалы боюнча Өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда айтты.

Бүгүнкү күндө медицина кызматкерлеринин башына оорчулук түшүп турат. Алар ооруга чалдыккан адам менен бетме-бет болуп, аларды дарылап жатат. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча ар кандай тараптардан жардамдар болуп жатат. Кыйынчылык кезде бири-бирибизге колдоо көрсөтөлү. Мен жеке үй-бүлөмдүн атынан 1 миллион сом которуп берем, — деди депутат Жолдошбаев.

Депутат ошондой эле абалдан чыгуу үчүн республика боюнча ишкерлерди, Жогорку Кеңештин депутаттарын, өлкө тагдырына кайдыгер эмес жарандарды илдет менен күрөшүүгө каражат берүүгө чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM