Биз менен байланышыңыз

Томск аймагындагы өрттөн 11 мигрант каза болду [видео]

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Янв 2020 | 845 | 0

Орусиянын Томск облусунда өрт чыгып, анын кесепетинен аз дегенде 11 киши кайтыш болду. Бир кабаттуу турак жайда «Гринвуд» компаниясында иштеген Өзбекстан, Тажикстан жана Кытай жарандары жашаган.

21-январга караган түнү жыгачтан салынган үйдө өрт чыккан. Ксепетинде 11 адам өлүп, экөөсү эптеп аман калган. Өрт өчүрүүчүлөр келгенге чейин 208 чарчы метр аянты менен имарат толук өрттөнүп кеткен.

Орусия каза болгондордун ону өзбекстандыктар жана бирөө орусиялык аял экендигин айтышууда. Ал эми Өзбекстандын Новосибирсктеги башкы консулу Юсуп Кабулжанов 11 кишинин бешөө өзбекстандыктар экенин билдирди.

Өрткө байланыштуу «Этиятсыздыктан эки жана андан көп кишинин өлүмүнө алып келүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Администрация жетекчилиги, өрттүн тутанышына электрдик жылыткычтар жана эскилиги жеткен ток өткөрүүчү жабдуулар себеп болгондугун айтты.

Пожар в жилом доме в Томской области

Аймактык бийлик  толугу менен өрттөнгөн бул имарат жашоо үчүн ыңгайлуу орун болбогондугун, терезелери темир торлор менен тосулгандыгын айтты.

Copyright © 2017 Maral FM