Биз менен байланышыңыз

Москва: Хостелдеги кыргызстандыктар аэропортко барып отуруп алып жатышат

Кыска кабар | 7 Апр 2020 | 775 | 0

Азыркы учурда жетимишке жакын кыргызстандык Москванын Шереметьево аба майданында жатканга туура келип атат. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде «Марал» радиосуна Москва шаарынан Дамир Бактыбеков аттуу билдирип,  Кыргызстага кетүүгө жардам берүүнү өтүнгөн.

Бизди ойлогон Өкмөттө өкүл барбы ? Биз кандай жашоо кечиребиз, мындай көрүнүш менен бизге болгон кысым көрсөтүлүп келет. Эртерээк мүмкүнчүлүк түзүп, бизди өз мекенибизге алып кетүүнү суранабыз. Бөтөн элде кырдаал күндөн -күнгө оор болуп бара жатат. Кайдыгер карабай эртерээк көйгөйдү чечип бериңиздер, — деп кайрылуу жолдогон.

Бул боюнча Кыргызстандын Орусиядагы элчисинин маалымат катчысы Гүлбарчын Байымбетовага байланышканыбызда, ал учурда бул маселе боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди.

−Булар Штаб тарабынан даярдап берген хостелден чыгып, барып аэропортко отуруп алып жатышат. Азыр иш алып баруудабыз, — деп билдирди Байымбетова.

Copyright © 2017 Maral FM