Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын Катардагы элчиси Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды

Кыска кабар | 15 Окт 2019 | 399 | 0

Бүгүн, 15-октябрда Кыргызстандын Катардагы жаңы дайындалган элчиси Чыңгыз Эшимбеков Катардын Тышкы иштер министрлигинин Башкы катчысы Ахмад Хассан Аль-Хаммадиге Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаментинен билдиришти.

Ахмад Хассан Аль-Хаммади Чыңгыз Эшимбековду Кыргызстандын Катардагы элчиси болуп дайындалышы менен чын жүрөктөн куттуктап, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер жигердүү өнүгүп жаткандыгын белгиледи. Мамлекеттер аралык өз ара кызматташууга чоң мүмкүнчүлүк бар экенин айтып, аны боордош эки элдин кызыкчылыгы үчүн колдонуунун зарылдыгына токтолду.

Өз кезегинде элчи Чыңгыз Эшимбеков кыргыз-катар мамилелерин андан ары өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн бардык күчүн жумшоого даяр экенин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM