Биз менен байланышыңыз

Келдибеков азыркы бийликтин 3 артыкчылыгын белгиледи

Без рубрики , Кыска кабар | 15 Окт 2019 | 607 | 0

«Мен Сооронбай Шариповичти токсонунчу жылдан бери чогуу иштешип, билем. Ал парламентте депутат болуп жүргөндө, мен аткаруу бийлигинде иштегем. Мамилебиз жакшы. Асылбек Жээнбеков менен мен 2010-жылы Парламентке келгенде жакындан тааныштым. Ага чейин саламыбыз түз болгон. Биздин турмушубузда дос болуу, жакын болуу деген болгон эмес», — деди Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков «Азаттыкка» берген маегинде.

Сооронбай Жээнбековдун бийлигинин артыкчылыктарын төмөнкүчө белгиледи:

  1. Президент болуп келгенден кийин эле журт атасы экенин көрсөтө алды. Оппозициясы болобу, позициясы болобу, эч кимисине карабай, кылган эмгегине жараша бардык мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларга катыштырып, баарын чакыра баштады. Интеллигенциянын, генералдардын, майорлордун, мурунку төрагалардын, мурунку өкмөт башчылардын баары менен чогуу отуруп түз сүйлөшүүдө;
  2. Эң көйгөйлүү маселе болгон Сот системасына реформа, Укук коргоо системасына реформа жүргүздү. Бүгүнкү күндө сот системасына болгон ишенбөөчүлүктү көргөзүп, кылган ишин элге көрсөтүп, соттук иштерди айкын кылып жатат;
  3. «Менин партиялашым» же «Атамбаев мени колдоду эле» дебей, ошол мезгилдеги желип, уурдалып кеткен нерселерди ачыкка чыгарып, бүгүн ошолорду жоопкерчиликке тартып жатат.

Мындан сырткары Акматбек Келдибеков Президенттин 2 жылдан ашык жогоркудагы нерселер менен гана алышкандыгын жана учурда кээ бирөөлөрдүн экономикадагы майда өнүгүүлөрдү көргүсү келбей жатканын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM