Биз менен байланышыңыз

«Санариптештирүү дүйнөдө жана бизде» аттуу конференцияга экс-президент да катышат

Кыска кабар | 14 Окт 2019 | 1217 | 0

15-16-17-октябрда экс-президент Роза Отунбаеванын катышуусунда Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында «Санариптештирүү дүйнөдө жана бизде» аттуу конференция өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Конференцияга облустун активдери, мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, агартуу, саламаттык сактоо жана маданият тармагынын өкүлдөрү катышат жана Кыргызстандагы  компаниялардын ийгиликтүү иш тажрыйбалары сунушталат жана чеберчилик сабактар көргөзүлөт.

Конференциянын максаты — «Санариптештирүү жана аймактарды өнүктүрүү» жылына карата облустардын, райондордун активдерине, мамлекеттик мекемелердин жетекчилерине, айыл аймактарынын башчыларына дүйнөдөгү жана өлкөбүздөгү санариптик ачылыштар, технологиялар менен тааныштыруу, артыкчылыктуу багыттарды аныктоого мүмкүнчүлүк түзүү.

Copyright © 2017 Maral FM