Биз менен байланышыңыз

Роза Отунбаева Кембридж университетинин илимий кызматкери болуп шайланды

Кыска кабар | 20 Авг 2020 | 627 | 0

Экс-президент Роза Отунбаева 2020-жылдын октябрынан 2021-жылдын октябрына чейин Кембридж университетинин Борбордук Азия боюнча форумунун жана GCRF-COMPASS программасынын чакырылган илимий кызматкери болуп шайланды.

Кембридж университетинин Борбор Азия боюнча Форуму (GCRF) Борбор Азияны жана Евразияны изилдеп-үйрөнүү боюнча изилдөө борбору болуп саналат. Ал аталган регионду изилдөөгө өзүнүн ишмердигин арнаган Кембридж университетинин ар түрдүү департаменттеринин окумуштууларынын, изилдөөчүлөрүнүн жана студенттеринин башын бириктирип турат.

Copyright © 2017 Maral FM