Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн жолугушууга чакырды

Кыска кабар | 11 Сен 2019 | 2688 | 0

10-сентябрда Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү жолугушуу өткөргөн. Бул маалыматты саясатчы Азимбек Бекназаров «Марал» радиосуна тастыктады.

«Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү жакында эле абактан чыккан Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду куттуктап, башына ак калпак кийгизип, коомдо болуп аткан окуяларды, Текебаевдин Акмандагы сүйлөгөн сөзүн талкуулап, сүйлөшүп отурдук. Бул расмий жолугушуу эмес», — деди Азимбек Бекназаров.

Жолугушууга Убактылуу Өкмөттүн 11 мүчөсү: Исмаил Исаков, Роза Отунбаева, Дүйшөнкул Чотонов, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Элмира Ибраимова, Эмилбек Каптагаев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Абдыганы Эркебаев катышкан. Ал эми Иса Өмүркулов менен Топчубек Тургуналиев уюштуруучулар тарабынан чакырылбай калган.

Бекназаров ошондой эле, 14-сентябрь, ишемби күнү президент Сооронбай Жээнбеков расмий эмес жолугушууга чакыргандыгын кошумчалады.

«Биз Убактылуу Өкмөттүн жалпы 13 мүчөсү, Алмазбек Атамбаев президент болгонго чейин ар дайым жолугушуп келгенбиз. Качан Атамбаев президент болгондон кийин бул салтыбыз токтоп калган болчу. Жээнбеков мына ошол салтты улантайын деп чакырса керек», — деди Бекназаров.

Copyright © 2017 Maral FM